«Айыл Банктын» кардарлары картарында алтын сактай алышат

26.02.2019, 16:14 Өнөктөштүк макаласы
«Айыл Банктын» кардарлары картарында алтын сактай алышат

 «Элкарт Алтын» төлөм карты бөлүштүрүлбөгөн металл эсептерине байланган. Учурда тестик режимде колдонууга даярдалууда. , Бул тууралуу журналисттерге  «Айыл Банк»  АК Башкармалыгынын орун басарыУланбек Ногаев  айтып берди.

Ал ошондой эле бөлүштүрүлбөгөн металл эсептеринин артыкчылыктары тууралуу айтып берди. Анткени, бул карттын ээлери алтын куймасын даярдоого чыгым коротпой, тейлөө бааны жогорулатып, алтын сатып алууну кымбаттатууда. Айтмакчы, баалуу металлдар өсүү тенденциясына ээ.  

«Рынокто алтындын баасы жогорулаган сайын, сиздин карттагы каражаттар дагы өсө баштайт», — деп түшүндүрдү Ногаев.

«Айыл Банк» ААК  кардарга «Элкарт Алтын» картын ачып, банктын курсу менен бекитилген алтын сатылып алынган соң, ал сумма карттка чегерилет. 

 Карт аркылуу баалуу металлдарды сатып алуу жана сатуу  банк тарабынан ички рыноктогу абалга жана Улуттук банк койгон эсептик ченге жана дүйнөлүк рыноктогу баага карата жүргүзүлөт.  

Банкта билдиргендей картта алтынды кармоо алтындын өсүшүү менен  каражаттарды көбөйтүүгө болот.Мындан тышкары алтын куймасын сатып алгандан көрө, «Элкарт Алтын» ачууда сиз алтындарды сактоого дагы сейф ачып, чыгым тартпайсыз.

Кошумча артыкчылыктары:

- алтынга салынган каражаттар валюта рыногундагы тобокелдиктерге туш болбойт;

- «Элкарт Алтын» картында калган каражаттар менен төлөм жасап, соода тармактарында сатып алуу жасап, банкоматтардан нак акча чыгара аласыз;

 «Элкарт Алтын» баалуу металл картын ачуу үчүн  «Айыл Банк» ААК баардык бөлүмдөрүнө келип, төмөндөгү талап кылынган документтер менен акча аласыз:

- «Айыл Банк» ААК келишим түзүү;

- картка каражаттарды которуп ;

- баалуу металлды сатып алууну жүргүзүү.

Жогорудагы аракеттер аткарылган соң «Элкарт Алтын» картынын балансына алтын түшөт.

«Элкарт Алтын» карты аркылуу төмөндөгү операцияларды жасай аласыз:

-  «Элкарт» төлөм системасынын терминалдарында соода жасап, коммуналдык төлөм жүргүзө аласыз;

- карты чектөөсүз толтурса болот.

Жогорудагы карта сактоону  баалуу металды конвертация жасоо аркылуу  улуттук валютага айлантып алса болот. Ал эми келечекте, күмүш жана платина дагы сунушталмакчы.

Айтмакчы, «Айыл Банк» ААК Кыргызстандагы банктардын ичинен биринчилерден болуп,  «Элкарт» төлөм системасы аркылуу  баалуу металлды  сатып алууну сунуштады. 

Тэги: Айыл Банк карты золото

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу