Дыйкандар үчүн өкмөттүн көрсөтүп жаткан көмөгү жетишсиз

27.04.2020, 10:30 Акчабар
Дыйкандар үчүн өкмөттүн көрсөтүп жаткан көмөгү жетишсиз

Жакынкы күндөрү Россиядан келишимдик негизде Кыргызстанга алгач 21-апрелде 15 вагон, андан соң 23-апрель күнү 760 тонна буудай келген. Буга себеп, өлкөдөгү буудай жетишсиздигинен улам болгон. Андан сырткары, кыргыз өкмөтү «Айыл чарбаны каржылоо - 8» долбоорунун алкагында дыйкандардын буудай жана ун сатып алуусуна 800 млн сом бөлгөн

Ал эми региондогу дыйкандар, ишкерлер бул өкмөттүн көрсөтүп жаткан көмөгүн жетишсиз деп билдиришүүдө. Алардын айтымында, дыйкандардын жазгы талаа иштери үчүн учурда толук кандуу иштер жүргүзүлбөй, айрым дыйкандар жолдордогу посттордон өтө албай, же күйүүчү май алып келе албай жатышат. Бул тууралуу жеке ишкер Бакай Өмүралиев эл өкүлү Абдывахап Нурбаев менен болгон ЖК басма сөз кызматынын түз эфиринде билдирди.  

«Президент Сооронбай Жээнбековдун жарлыгы менен экинчи жыл катарынан региондорду өнүктүрүү деп жарыяланып келгени менен, алгылыктуу иштер жүргүзүлгөн жок. Региондорду өнүктүрүү  боюнча ар бир сфера үчүн өкмөт өнүктүрүү стратегиясын түзүп, аким, губернатор жана жергиликтүү башкаруу органдарына берүүсү кажет. Бирок, тилекке каршы өкмөттүн мындай стратегиясы жоктугунан улам карапайым эл, дыйкандар кыйын күндөрдү баштарынан өткөрүп жатышат.  Өзгөчө азыркы маалда. Дыйкандарыбыз посттордон өтө албай кыйналышып, жазгы талаа иштерине бир топ тоскоолдук болуп жатат. Бизнес учурда өкмөттүн колдоосуна муктаж. Антпесе, кийин кыйын болуп калат. Муну мен ишкер катары жана айыл жашоосун жакшы билген, дыйкандар менен дайыма иштешкен жаран катары айта алам. Агрардык өлкөдө буудай тартыштыгы болбошу керек», - деп билдирди жеке ишкер Бакай Өмүралиев. 

 Өз сөзүндө эл өкүлү Абдывахап Нурбаев региондорду өнүктүрүү боюнча мыйзам долбоору иштелип жаткандыгы билдирди .

«Жерди трансформациялоо боюнча мыйзам долбоору иштелип жатат. Анда, мыйзамга ылайык жерди бөлүштүрүү иштери акимге ыйгарылат. Мисалы, бала-бакча, мектеп же жерди иштетем, суу чарбасына керектүү объект же өндүрүш курам деп келген инвесторлорго жерди аким тийиштүү деңгээлде бөлүп берүү укугуна ээ болот. Ошондо айыл өкмөтүнө, айылдык кеңешке күчтүү кадрлар келип, борборду карап отура бербей өз алдынча саясат жүргүзө алышат», - деп айтты депутат Абдывахап Нурбаев. 

 

Эске сала кетсек, вице-премьер-министр Кубатбек Боронов фермерлерге жазгы-талаа иштерин жүргүзүү үчүн тийиштүү көмөктөр көрсөтүлөрүн билдирген. 

 

 

 

 

Тэги: айыл чарба Дыйкан Өкмөт

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу