Бир жума ичинде 13,2 тонна ата мекендик айыл чарба продукциясы экспорттолду

29.03.2021, 15:00 Акчабар
Бир жума ичинде 13,2 тонна ата мекендик айыл чарба продукциясы экспорттолду

Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигинин Өсүмдүктөрдүн карантини департаментинин кызматкерлери бир жуманын ичинде республиканын чек арасында жана аймагында карантиндик фитосанитардык көзөмөл жүргүзүштү. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирет.

 

Тактап айтканда, 2021-жылдын 19-марттан 26-мартка чейин 13 миң 243 тонна ата мекендик айыл чарба продукциясы экспортко чыгарылган.

ЕАЭБдин бирдиктүү карантиндик фитосанитардык талаптарына ылайык, товарларга текшерүү жүргүзүлүп, экспорттолгон продукциянын үлгүлөрү алынды, ташуу шарттары жана сактоо эрежелери сакталды.

Тэги: экспорт продукция

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу