Депутат мас абалда унаа башкаргандарга айыпты 10 эсе көтөрүүнү сунуштады

11.12.2019, 13:07 Акчабар
Депутат мас абалда унаа башкаргандарга айыпты 10 эсе көтөрүүнү сунуштады

Депутат Азамат Арапбаев мас абалда унаа башкаргандарга айыпты 10 эсе көтөрүүнү сунуштады. Жогорку Кеңеште Кылмыштар жана жоруктар тууралуу кодекстеги түзөтүүлөрдү талкуулап жатышат.

Депутат Кожобек Рыспаевдин айтымында, өлкөнүн айрым аймактарында ылдамдыкты саатына 110 чакырымга чейин көбөйтсө болот.

«Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын кызматкерлери жол белгилерине көңүл бурушу керек. Алар менен түгөнбөгөн маселелер жаралат. Ылдамдыкты көбөйтүү керек. Бизде эч ким «жигули» менен жүрбөй калган», — деди Кожобек Рыспаев.

Буга чейин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы жасалма номурларды пайдалангандарга айыпты көбөйтүүнү сунушташкан. Бүгүнкү күндө ага салынган айып- 10 миң сом.

 

 

Тэги: Айып пул мас абалы Айдоочу

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу