Он айда тышкы сооданын көлөмү 9,6 млрд долларды түздү

12.12.2022, 12:54 Акчабар
Он айда тышкы сооданын көлөмү 9,6 млрд долларды түздү

Ушул жылдын январь-октябрында өлкөнүн тышкы жана өз ара соодасынын көлөмү 9,6 млрд долларды түздү. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитетинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалымат боюнча, өткөн 2021-жылдын январь-октябрь айларына салыштырмалуу тышкы сооданвн көлөмү 41,2 %га көбөйгөн. Ошондой эле, экспорт 23,1 %га азайса, тескерисинче, импорт 1,7 эсеге өскөн. 

Кыргызстандын ЕАЭБге мүчө мамлекеттер менен өз ара соодасынын көлөмү ушул жылдын январь-октябрында 3,8 млрд АКШ долларын түзүп, 2021-жылдын январь-октябрына салыштырмалуу 39,2 %га көбөйгөн. Анын алкагында экспорт 1,9 эсеге, импорт 22,9 %га көбөйгөн.

Быйыл январь-октябрда өлкөнүн ЕАЭБге мүчө мамлекеттер менен өз ара соодасынын эң жогорку үлүшү Орусияга (72,3 %) жана Казакстанга (25,5 %) туура келген. 

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу