Аймактарда бизнести өнүктүрүү боюнча тренингдер өтөт

24.03.2023, 17:21 Акчабар
Аймактарда бизнести өнүктүрүү боюнча тренингдер өтөт

Соода-өнөр жай палатасынын төрагасы Темир Сариев аймактарды өнүктүрүү боюнча Социалдык өнөктөштүк фондунун өкүлдөрү менен жолугушту. Бул тууралуу Соода-өнөр жай палатасынын басма сөз кызматы билдирди. 

Маалыматка ылайык, Соода-өнөр жай палатасы менен бирдикте фонддун өкүлдөрү региондордо тренинг жана окуутуларды өткөрөт. 

Белгилей кетсек, “Кумтөр Голд Компани” тарабынан каржыланган фонд буга чейин 700 миллион сомдон ашык суммадагы ар кандай долбоорлорду каржылаган. 

Фонддун максаты Кыргызстандын аймактарындагы билим берүү, саламаттык сактоо, социалдык коргоо, маданият, спорт, туризм чөйрөлөрүндөгү социалдык долбоорлорду жана калктын жашоо сапатын жакшыртууга багытталган башка демилгелерди колдоо болуп саналат. 

 

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу