Аймактарда кыска мөөнөттүү 280 бала бакча ачылат

30.01.2023, 15:40 Акчабар
Аймактарда кыска мөөнөттүү 280 бала бакча ачылат

Билим берүү жана илим министрлиги Баткен, Ош жана Жалал-Абад облустарында кыска мөөнөттүү 280 бала бакча ачат. Бул тууралуу тиешелүү мекемеден билдиришти. 

Министрлик буга чейин тандалып алынган имараттарда оңдоп-түзөө иштерин жүргүзүү жана санитардык-гигиеналык шарттарды түзүү үчүн тендер жарыяланды.

Белгилей кетсек, Билим берүү жана илим министрлиги Дүйнөлүк банктын каржылык колдоосу менен ишке ашырып жаткан “Келечек үчүн билим берүү” долбоорунун алкагында Кыргызстанда кыска мөөнөттүү 500 бала бакча курат. Долбоордун алкагында жергиликтүү бийлик бала бакча үчүн сунушталган имараттарда оңдоп-түзөө иштерин жүргүзөт, санитардык-гигиеналык шарттарды түзөт, тарбиячыларды окутуудан өткөрөт, балдарды толук кандуу өнүктүрүү, билим берүү (эмерек, килем, оюнчуктар, окутуу куралдары, балдар аянтчалары) үчүн керектүү болгон жумуштарды аткарат.

Кыска мөөнөттүү 500 бала бакча 20 миңден ашуун баланы камтууга мерчемделген. 

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу