2023-жылдын жыйынтыгы боюнча аймактарды өнүктүрүү фонддорун иш жүзүндө каржылоо 2 млрд 636,1 млн сомду түздү, анын ичинен 1 млрд 396,4 млн сому жер казынасын пайдалануучулардын төгүмдөрүнөн, 1 млрд 239,7 млн сому республикалык бюджеттен түшкөн. Бул тууралуу Каржы министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, республиканын бардык аймактарында 1 миң 151 долбоор ишке ашырылып, 909 жумушчу орун түзүлдү.
Ошондой эле, калктуу конуштарда 20 башкы план иштелип чыккан. Эң көп долбоорлор Чүй облусунда – 419 млн сомго (18%) 236 долбоор (21%) жана Жалал-Абад облусунда – 745 млн сомго (33%) 217 долбоор (19%) каржыланган.