«Айыл Банкка» 26 жыл!

02.07.2022, 09:57 Акчабар
«Айыл Банкка» 26 жыл!

Урматтуу «Айыл Банк» ачык акционердик коомунун өнөктөштөрү жана банктын кардарлары!

Бүгүн, 2-июлда «Айыл Банк» ачык акционердмк коому 26 жашка толду. Баардыгыңыздарды ушул куттуу күн- майрамыбыз менен чын жүрөгүмдөн куттуктайм!

26 жыл айтканга оңой болгону менен, ичине канчалаган  иш-аракеттерди камтыганбүтүндөй бир өмүр. Ушул жылдар аралыгында биз менен бир болгонуңуздар үчүн ыраазычылык билдиребиз! 

Банк тамтуң баскан баладай бутуна туруп, анан жетилип, азыр 26 жашка чыгып, күч-кубатка толуп турган кези. Учурда «Айыл Банк» өлкөбүздөгү эң ири банк. Ал мамлекеттик бир нечелеген программаларды жүргүзүп, ири долбоорлор менен иштеп жатат. Калкка ар кандай кызмат көргөзүп, мамлекетибиздин социалдык-экономикалык өсүшүнө чоң салым кошууда. Ошондой эле, тейлөөнү жакшыртуу, алыскы аймактардагы кардарларга да жеткиликтүү болуу аракетин көрүүдө. 

Банк 2022-жылдын биринчи жарым жылдыгынын жыйынтыгы менен негизги финансылык көрсөткүчтөр боюнча Кыргызстандын коммерциялык банктарынын арасынан 1- орунду ээледи. Экинчи жарым жылдыкта да ийгиликтерди күтүүдөбүз.

 Албетте, ошол жетишкендиктердин баардыгында сиздердин ар бириңиздердин салымыңыздар чоң. 

Урматтуу кардарлар, Сиздердин жоопкерчиликтүү, ак ниет мамилеңиздер  жана колдооңуздар, эң негизгиси — ишеним артууңуздар биздин изги максаттарды ишке ашыруу үчүн чоң дем, зор күч берип келет. 

«Айыл Банк» алдына азык түлүк коопсуздугун камсыз кылуу, аймактарды, айыл чарбасын өнүктүрүү боюнча иштерге катышкан ири банк болуу максатын көздөөдө.
Сиздердин колдооңуздар, кесиптештерибиздин жогорку кесипкөйлүгү, билими жана баарыбыздын аракетибиз менен дагы чоң ийгиликтерге жетебиз деп ойлойм. Буга  мүмкүнчүлүк да, атайы программабыз да, анан эң маанилүүсү-мамлекеттик колдоо бар. 

Бардыгыңыздарга бекем ден соолук, жаратмандык ийгиликтерди каалайм. Ар бириңиздердин үйүңүздөрдө береке, кут болуп, коломтоңуздардын оту өчпөсүн. Кыргызстаныбыздын асманы ачык, чамгарагы бийик болсун. Дайыма туруктуу киреше жана жигердүү өнүгүүлөр боло берсин! 

Улан Букабаев,
«Айыл Банк» ААКсынын Башкармасынын төрагасы

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу