«Айыл Банк» ААК айыл чарба боюнча ири көргөзмө-жарманкеге катышууда

20.10.2023, 18:52 Акчабар
«Айыл Банк» ААК айыл чарба боюнча ири көргөзмө-жарманкеге катышууда

“Айыл Банк” ААКсы айыл чарба кызматкерлеринин кесиптик майрамына карата "АгроТехЭкспо-2023", "Органик Экспо - 2023" аталышында республикалык агроөнөр жай көргөзмөлөрүнө жана “Алтын күз” айыл чарба жарманкесине катышууда.

Бул көргөзмө-жарманкеде айыл чарба техникасы, кайра иштетүү өнөр жай жабдуулары, жаңы инновациялык технологиялар, үрөндөрдүн сорттору, жер семирткичтердин түрлөрү, ветеринардык дарылар, өсүмдүктөрдү коргоо каражаттары, агрохимикаттар, асыл тукум малдын породалары жана башка айыл чарба товарларынын жаңы үлгүлөрү көрсөтүлүүдө.

“Лизинг боюнча көп иштерди жасап жатабыз. жалпы суммасы 12 млрд сомдон ашык каражатка лизинг предметтерин тараттык. Анын 7,5 млрд сомдон ашыгына айыл чарба техникаларын, 5 млрд сомдон ашык каражатына коммерциялык техникаларды, 100 млн сомдон ашык каражатка асыл тукум уйларды бердик”, - деди "Айыл Банк" ААК башкарма төрагасынын орун басары Жанар Норузбаев.

Ошондой эле, “Айыл Банк” ААК 2023-жылы 4 млрд сом насыя берүүнү пландаган, азыр анын 3,5 млрд сому берилди. Бул насыялар 6%дан баштап мөөнөтү 7 жылга чейин берилет. "Айыл Банк" ААК жарандарды өзүнөн жеңилдетилген насыя же ипотека алууга чакырат.
Мындан тышкары, көргөзмө-жарманкеде “Айыл Банктын” кардарларына лизингге техника тапшыруу аземи өттү.

Айыл Банк - сизге жакын!

Тэги: Айыл Банк

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу