Жыл башынан бери айыл чарба товарларын өндүрүүчүлөргө 10,5 млрд. сомго 5 миң 54 бирдик техника берилди. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, "Айыл банк" ААК аркылуу республиканын айыл чарба өндүрүүчүлөрүнө айыл чарба техникаларынын жана жабдууларынын бардык түрлөрү жеңилдетилген шарттарда – жылдык 6-9% менен 7 жылдан 10 жылга чейин берилет.