«Айыл банк» лизингге асыл тукум мал берүүнү улантууда

29.09.2023, 16:23 Акчабар
«Айыл банк» лизингге асыл тукум мал берүүнү улантууда

"Айыл Банк" лизингге Агро өнөр жай комплексин кредиттөө долбоорунун негизинде асыл тукум мал берүүнү улантып, насыяларды берүүдө.

Маалыматка ылайык, 2022-жылдан бери банк 250дөн ашык малды Европадан алып келип лизинг программасы кардарларга таратылды Долбоор боюнча дыйкандар 6% менен 7 жылга чейин каржылоо ала алышат.

"Эки жуманын ичинде арызды карап, бир жарым айдан 3 айга чейинки аралыкта Европадан уйларды алып келип беребиз. изингге алынган асыл тукум уйлар камсыздандырылган. Кыргызстанга келгиче уйларга европалык камсыздандыруу компаниялар жооп беришет. Биздин өлкөгө келгенде өзүбүздүн камсыздандыруу компанияларыбыз төлөп беришет. Биздин максатыбыз жергиликтүү фермерлерге асыл тукум малдын генетикасын жогорулатууга жардам берүү",— деп айтты "Айыл Банк" ААКсынын Лизинг башкармалыгынын кызматкери Белек Айталиев.

Кошумчалай кетсек, учурда банк асыл тукум малдарды лизингге берүү үчүн фермерлердин арызын кароодо. Лизингге мал алуу үчүн кызыктар тараптар "Айыл банктын" филиалдарына кайрыла алышат.

Тэги: Айыл Банк

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу