Кечээ, 29-мартта “Айыл Банк” ААКсынын акционерлеринин жылдык жалпы чогулушу өттү. Иш-чаранын жыйынтыгы боюнча банк Башкармасынын төрагасы Тилек Алимжанов баяндама жасады.
Тилек Алимжанов “Айыл Банк” ишмердүүлүгүнүн бардык багыттары боюнча оң тенденцияны сактап, өзүнүн каржылык туруктуулугун тастыктаганын белгиледи.
“Жыйналышта 2022-жылдын жыйынтыгы боюнча таза пайданын 100% өлчөмүндө дивиденддер төлөнүп бериле тургандыгы бекитилди”, - деп белгилешти банктан.