«Айыл Банк» пайызсыз кредиттерди берүүдө алдыңкы лидер болууда

31.05.2023, 19:37 Акчабар
«Айыл Банк» пайызсыз кредиттерди берүүдө алдыңкы лидер болууда

“Жеке жана финансы секторун дароо колдоого алуу” долбоорунда, пайызсыз негизде кредиттерди сунуштоо жолу менен майда, чакан жана орто ишкерлерге кайтарылуучу алынуучу финансылык жардамды (КФП) сунуштоо шарты каралган.

Долбоор – Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги  жана “Айыл Банк” ААКсы катарына кирген өлкөнүн 12 коммерциялык банкы менен биргеликте Дүйнөлүк банк (2021-жылдан тартып) жана Азия инфраструктуралык инвестициялар банкы (АИИБ, 2022-жылдын 19-сентябрынан тартып) эл аралык донорлордун колдоосу аркылуу жүзөгө ашырылууда. 

Төмөндө, долбоор боюнча бүтүндөй берилген суммалар жана "Айыл Банк" ААКысы тарабынан берилген суммалар чагылдырылган: 

Жогорудагы таблицада көрүнүп тургандай, аталган долбоордун алкагында өлкөнүн 6 162 майда, чакан жана орто ишкерлерге 3,48 млрд. сом берилген, анын ичинде 2 404 ишкерге 1,34 млрд. сом Айыл Банк аркылуу сунушталган. Демек, жалпы берилген сумманын ичинен Айыл Банктын салыштырма салмагы 38,62 пайыздан көбүрөөктү, саны боюнча 39,01 пайызды түзгөн. 

2023-жылдын 26-майына карата донорлор боюнча берилген КПФ:

2-таблицада көрүнүп тургандай, Дүйнөлүк банктан алынган 1 241 416 539  сом суммасындагы каражаттар толугу менен өздөштүрүлгөн, 2023-жылдын март айынан тартып Дүйнөлүк банк каржылоону токтоткондугуна байланыштуу Банк тарабынан Банктын өздък каражатынан 2 181 000 сом берилген. 

Бул жерде, "Айыл Банктын" эсебинен берилген 2 181 000 сом суммасындагы КПФ Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги тарабынан кайтарылып бериле электигин жана 2023-жылдын 1-чейреги ичинде айкын берилген каражат суммасынан 3% өлчөмүндө агенттик кызмат көрсөтүү үчүн  сый акы да төлөнө электигин белгилеп кетүү зарыл.

АИИБнын каражаттарынын эсебинен 2-категория боюнча 2023-жылдын май-июнь айларында төлөп берүү үчүн акыркы ирет 2023-жылдын 23-майында Банкт тарабынан 20 млн. сом алынган. Учурда алынган каражат өздөштүрүлүп жатат.

2023-жылдын 26-майына карата областтар боюнча КПФнын берилиши:                                                               

Областтар боюнча алынган көрсөткүчтөргү ылайык, 2023-жылдын 26-майына карата берилген сумма боюнча эң чоң салыштырма салмакты Жалал-Абад областы (20,53%), андан ары Ош  областы (15,19%) жана Баткен (14,74%) областы ээлейт.  

Буга чейин, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин отурумунда  депутат Жанар Акаев, ишкерлердин “Жеке жана финансы секторун дароо колдоо” долбоору боюнча пайызсыз кредиттерди алуусуна Кыргывзстандын банктары тоскоолдук жаратып жатканын билдирген. Ушундан улам, "Айыл Банк" ААКысы ишти долбоордун алкагында жүзөгө ашырып жаткандыгын жана финансылык жардам алууга эч кандай тоскоолдук жогтугун билдирет. Пайызсыз ссуда алуу үчүн талап кылынган документтер топтомун кароого сунуштоо гана жетиштүү.

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу