«Айыл банк» Баткендеги тургундарга жеңилдетилген насыя берүүдө

17.10.2023, 15:12 Акчабар
«Айыл банк» Баткендеги тургундарга жеңилдетилген насыя берүүдө

Баткен облусунун чек арага жакын жайгашкан калктуу конуштарын мындан ары өнүктүрүү алкагында, Баткен облусунда иш алып барган ишкердик субъекттерине жана жеке жактарга мамлекеттик колдоо көрсөтүү максатында "Айыл Банк" ААК тарабынан жеткиликтүү жана жеңилдетилген насыялар берилип жатат.

Насыя төмөнкү шарттарда берилет: 

  • Айыл чарба тармагы – пайыздык чени 0%, мөөнөтү – 3 жылга чейин, насыянын өлчөмү 1 миллион сомго чейин;
  • Айыл чарба продукциясын өндүрүү жана кайра иштетүү, өнөр жайы, экспортко багытталган жана импортту алмаштыруучу ишканалар, соода-логистикалык борборлор жана жашылча сактоочу жайлар, Инновациялык иш (жаңы ишканаларды же иштин жаңы багыттарын түзүү) жана маалыматтык технологиялар тармактарына — биринчи 3 жыл — 0%, андан кийинки 2 жылда — жылдык 3%, мөөнөтү – 5 жылга чейин, насыянын өлчөмү 10 миллион сомго чейин;
  • Туризм, транспорт жана коргоочу медициналык каражаттарды жана жеке коргонуу каражаттарын өндүрүү тармактарына - пайыздык чени 0%, мөөнөтү – 3 жылга чейин, насыянын өлчөмү 10 миллион сомго чейин;
  • Соода жана кызмат көрсөтүүлөр тармактарына - пайыздык чени 0%, мөөнөтү – 3 жылга чейин, насыянын өлчөмү 5 млн сомго чейин;
  • Билим берүү тармагы - пайыздык чени 0%, мөөнөтү – 3 жылга чейин, кредиттин өлчөмү 1,5 миллион сомго чейин;

Насыя алуу үчүн арызды "Айыл Банк" ААКтын Баткен облусунда жайгашкан бардык филиалдарына жана өкүлчүлүктөрүнө тапшырса болот.

Кененирээк маалыматты ар дайымab.kg сайтынан же төмөнкү номерлерден ала аласыз:

5511 (чалуу акысыз)
0312 68-00-00

Айыл Банк - сизге жакын!

 

Тэги: Айыл Банк

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу