Ушул айдын 29-мартында “Айыл Банк” ААКсынын акционерлеринин жылдык жалпы чогулушу өтөт. Бул тууралуу Кыргыз фондулук биржасы билдирди.
Күн тартибинде 15 маселе каралат. Эң негизги маселе уставдык капиталды көбөйтүү, ошондой эле таза пайданы бөлүштүрүү чечими болот.
Мындан тышкары, Башкаруучулар кеңеши жаңы редакцияны бекитип, тышкы аудиторду тандайт.