“Айыл Банк” мамлекеттик программанын алкагында 2,1 миллиард сом насыя берди

30.09.2022, 16:42 Акчабар
“Айыл Банк” мамлекеттик программанын алкагында 2,1 миллиард сом насыя берди

“Айыл чарбасын каржылоо-10” мамлекеттик программасынын алкагында 29-сентябрга карата “Айыл Банк” жалпы суммасы 2 миллиард 126 миллион 700 миң 614 сом насыя берди. Насыя алгандардын саны 3276. Бул туурасында аталган банктан маалымдашты.

Анын ичинен 1976 насыя “мал чарбачылык” багытында 1 млрд 140 млн сом, 1151 насыя “багбанчылык” багытында 243 млн 590 миң 614 сом берилген. “Айыл чарба продукциясын кайра иштетүү” боюнча 149 кредит жалпы суммасы 443 млн 110 миң сомду түзгөн.

Ошондой эле, агроөнөр жай комплексин насыялоонун алкагында “Айыл Банк” тарабынан 1 миллиард 345 миллион 721 миң 261 сомдук 1634 насыя берилген.

Анын ичинен 644 млн 949 миң сомго 1541 насыя “Мал чарбачылык жана багбанчылык” боюнча, агрегаторлорго жалпы 424 млн сомго 9 кредит, 276 млн 772 миң 261 сомго 84 даана айыл чарба техникасы ижарага берилген.

 

Тэги: Айыл Банк сельское хозяйство кредиты

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу