Айыл чарба министрлиги жер семирткичтерди экспорттоого тыюу салууну сунуштоодо

01.12.2022, 15:00 Акчабар
Айыл чарба министрлиги жер семирткичтерди экспорттоого тыюу салууну сунуштоодо

Айыл чарба министрлиги минералдык жер семирткичтерди Евразиялык экономикалык биримдиктин аймагынан сыртка чыгарууга убактылуу тыюу салууну сунуштоодо. Тиешелүү мыйзам долбоору Министрлер кабинетинин сайтына жарыяланды. 

Документке ылайык, бул чара ата мекендик дыйкандардын муктаждыктарын коргоо максатында демилгеленген.

“Минералдык жер семирткичтерди керектөө мезгилинде стихиялуу реселлер топтору уюштурулуп, алардын иш-аракеттери жер семирткичтер менен камсыз кылуу жагынан айыл чарбасына реалдуу коркунуч туудурат. Жазгы талаа жумуштарынын башталышы менен камсыз кылуу боюнча өзгөчө оор кырдаал түзүлөт. Мында түшүмдүн чоң көлөмү Тажикстанга реэкспорттолот”, - деп түшүндүрдү Айыл чарба министрлиги.

Ошондой эле, министрлик 2023-жылы айдоо аянтын көбөйтүү пландалып жатканын, бул минералдык жер семирткичтерге болгон суроо-талаптын өсүшүнө алып келерин белгилейт.

Кийинки жылы дыйкандарга 286 миң тонна жер семирткич керек экени такталган. Анын ичинен 100 миңи Өзбекстандан квота менен алынып келинсе, калган көлөм Казакстан, Орусиядан келген импорт жана ата мекендик өндүрүштүн эсебинен жабылат.

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу