“Айыл чарбасын каржылоо – 10” долбооруна катышкан коммерциялык банктардын чыгымдарын жабуу үчүн республикалык бюджеттен 474,0 млн. сом субсдиялык каражаттар бөлүнөт.
Финансы министрлиги, Айыл чарба министрлиги, Улуттук банк долбоорду ишке ашырууга катышкан коммерциялык банктар жооптуу аткаруучулар болуп эсептелишет.
Жеңилдетилген насыяларды максаттуу берүү тармактары мал чарбасы, өсүмдүк өстүрүүчүлүк, тамак-аш жана кайра иштетүү өнөр жайы болуп эсептелет.
“Бардык максаттуу тармактар боюнча акыркы пайыздык ставка 6 пайыз эсебинде аныкталды, мал чарбасы, өсүмдүк өстүрүүчүлүк субъекттери үчүн насыяларды кайтаруу мөөнөтү 36 айды, үрөнчүлүк, асыл-тукум мал чарбасы, канаттуулар чарбасы, балык чарбасы, аарычылык, тоют топтоо, малды жасалма жол менен уруктандыруу субъекттери үчүн 60 айды, тамак-аш жана кайра иштетүү өнөр жай ишканалары үчүн 60 айды түзөт”,- деп маалымдайт Айыл чарба министрлигин басма сөз кызматы.
Берилүүчү насыянын көлөмү:
Алдын-ала эсептөөлөрдүн негизинде, 2022-жылда айылдык товар өндүрүүчүлөргө 5,0-5,5 млрд. сом өлчөмүндө жеңилдетилген финансалык каражаттар бөлүнүп берилет.
Белгилей кетсек, “Айыл чарбасын каржылоо – 10” долбоорунун максаты 2022-жылы айыл чарбасынын жазгы талаа жумуштарын өз убагында жүргүзүү үчүн жеңилдетилген кредиттик каражаттар менен камсыздоо аркылуу мамлекеттик колдоо көрсөтүү болуп саналат. Долбоорду ишке ашыруу мөөнөтү – 60 ай. Каржылоо булактары тиешелүү жылдар үчүн республикалык бюджеттин жана коммерциялык банктардын каражаттары болуп эсептелет.