"Айыл чарбасын каржылоо - 10" долбоорунун алкагында фермерлерге 2,2 млрд сом насыя берилди

19.04.2022, 09:28 Акчабар
"Айыл чарбасын каржылоо - 10" долбоорунун алкагында фермерлерге 2,2 млрд сом насыя берилди

Жыл башынан бери "Айыл чарбасын каржылоо - 10" долбоорунун алкагында үч категория боюнча фермерлерге 2 млрд 289 млн 816 миң сом насыя берилди. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, берилген жалпы насыяны 4 миң 611 адам алган. Анын ичинен:

1. Өсүмдүк өстүрүү категориясы боюнча жалпы 714 млн 307 миң сомго 1 миң 716 насыя берилди, банктар боюнча алганда:

  • “Айыл Банк” ААК 333 431,0 миң сомго 754 насыя;
  • “РСК Банк” ААК 380 875 ,0 миң сомго 962 насыя.

2. Мал чарбачылык категориясы боюнча жалпы 1 млрд 460 млн 349 миң сомго 2 843 насыя берилди, банктар боюнча алганда:

  • “Айыл Банк” ААК 691322,0 миң сомго 1193 насыя;
  • “РСК Банк” ААК 769027,0 миң сомго 1650 насыя.

3. Айыл чарба продукциясын кайра иштетүү категориясы боюнча жалпы 115 млн 160 миң сомго 52 насыя берилди, банктар боюнча алганда:

  • “Айыл Банк” ААК 56060,0 миң сомго 33 насыя;
  • “РСК Банк” ААК 59100,0 миң сомго 19 насыя.

Тэги: Айыл чарбасын каржылоо – 10 насыя

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу