«Айыл чарбасын каржылоо - 11» долбоору боюнча дээрлик 3 млрд сом насыя берилди

20.06.2023, 13:55 Акчабар
«Айыл чарбасын каржылоо - 11» долбоору боюнча дээрлик 3 млрд сом насыя берилди

“Айыл чарбасын каржылоо -11" долбоору боюнча 2023-жылдын 16-июнуна карата жалпы 2 млрд. 949 млн. 449 миң сомго 6 миң 558 насыя берилди. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, анын ичинен өсүмдүктөрдүк өстүрүү категориясы боюнча жалпы 742 млн. 704 миң сомго 1 миң 784 насыя берилген. Анын ичинен банктар боюнча алганда:

  •  “Айыл Банк” ААК 443 млн. 194 миң сомго 1 миң 25 насыя;
  • “РСК Банк” ААК 299 млн. 510 миң сомго 759 насыя.

Мал чарбачылык категориясы боюнча жалпы 2 млрд. 206 млн. 745 миң сомго 4 миң 774 насыя берилди. Анын ичинен банктар боюнча алганда:

  • “Айыл Банк” ААКБ 1 млрд 17 млн 722 миң сомго 2 миң 148 насыя;
  • “РСК Банк” ААК 1 млрд 189 млн 23 миң сомго 2 миң 626 насыя.

“Жалпы бардыгы болуп 2 категория боюнча 2 млрд. 949 млн 449 миң сомго 6 миң 558 насыя берилди”, - деп айтылат маалыматта. 

  • “Айыл Банк” ААК 1 млрд. 460 млн. 916 миң сомго 3 миң 173 насыя;
  • “РСК Банк” ААК 1 млрд. 488 млн. 533 миң сомго 3 миң 385 насыя.

 

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу