Айыл чарбасын каржылоого коммерциялык банктарга 4,9 млрд сом бөлүнөт

10.03.2022, 09:27 Акчабар
Айыл чарбасын каржылоого коммерциялык банктарга 4,9 млрд сом бөлүнөт

Үстүбүздөгү жылы айыл чарба иштерин өз убагында аткаруу үчүн министрлер кабинетинин «Айыл чарбасын каржылоо-10» долбоорун бекитүү жөнүндө» коммерциялык банктарды тартуу боюнча иштер жүргүзүлдү. Бул тууралуу Финансы министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Финансы министрлигине ушул долбоорду ишке ашырууга катышкан коммерциялык банктарга пайыздык чендерди субсидиялоо үчүн 520 млн сом бөлүп берүү тапшырылды. Бул 4,9 млрд сом өлчөмүндө жылдык 6 пайыздык үстөк менен жеңилдетилген кредиттерди берүүгө мүмкүндүк берет.

“Каражат мал чарбачылыгын, өсүмдүк өстүрүүнү жана кайра иштетүүнү каржылоого каралган. Бүгүнкү күндө катышуучу банктар тарабынан кредиттик жана күрөөлүк документтерди тариздөө жана айылдык товар өндүрүүчүлөргө жеңилдетилген кредиттерди берүү боюнча жигердүү иштер башталды”,- деп айтылат билдирүүдө.

Тэги: Финансы министрлиги айыл чарбасы коммерциялык банктар

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу