“Ак-Кула” ат майданынын мүлкү менчиктештирилип, сатылышы мүмкүн. Тиешелүү токтом долбоорун Бишкек шаардык кеңеши коомдук талкууга койду.
Негиздеме - маалымкатта белгиленгендей, программа “Ак-Кула” ат майданынын мүлк комплексинин айрым компоненттерин аукциондо электрондук форматта сатуу жолу менен менчиктештирүүнүн тартибин жана шарттарын аныктоону сунуштайт. Тизмеге менчиктештирүүгө жаткан ипподромдун айрым компоненттери камтылган.
Жер титирөөгө туруктуу курулуш жана инженердик долбоорлоо мамлекеттик институтунун 2019-жылдын 29-ноябрындагы техникалык корутундусуна ылайык, ипподромдун имараты кооптуу деп табылып, бузула турган имаратка кирет.