Ысык-Көл облусунун Орлиное айылында 150 орундуу мектеп курулат. Бул тууралуу Мамлекеттик сатып алуулар порталы билдирди.
Аталган тендерди Ысык-Көл облустук курулуш жана инженердик инфраструктура башкармалыгы жарыялаган. Мектептин курулушуна 90 млн 817 миң 105 сом сарптоо пландалууда.
Белгиленгендей, иш календарлык график боюнча бүткөрүлүшү керек, ал республикалык бюджеттен каржылоого ылайык подрядчы тарабынан бекитилет.