Айыл чарба министри Аскарбек Жаныбеков Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы каналдарды оңдоо жана жазгы талаа иштерине даярдыкты текшерди. Бул тууралуу тиешелүү мекемеден билдиришти.
Маалыматка ылайык, министр Каракол айылындагы “Победа”, “Подгорный” жана “Кундуй” каналдарынын иши менен таанышты.
"Өткөн жылы Ак-Суу районуна бюджеттен "Капиталдык оңдоо" беренеси боюнча 26,8 миллион сом бөлүнгөн. Анын алкагында 54,6 чакырым ички чарбалык каналдарды, 16 гидротехникалык курулмаларды, насостук агрегаттарды оңдоо, бетондоо жана механикалык тазалоо, ошондой эле узундугу 7,15 чакырымды түзгөн коллектордук-дренаждык түйүндөрдү механикалык тазалоо иштери жүргүзүлгөн", - деп айтылат маалыматта.
Белгилей кетсек, быйылкы жылы райондук суу чарба башкармалыгынын карамагындагы объектилерди оңдоого жана калыбына келтирүүгө республикалык бюджеттен 19,9 млн сом бөлүү пландалууда. Алты суу өлчөгүч, бир насостук станция жана эки насостук агрегат кошумча оңдолот. Ошондой эле коллектордук-дренаждык түйүндөрдүн 2,9 километрин механикалык тазалоо иштери да каралууда.
$ млн
Столько составили за полгода доходы от приема иностранных граждан в Кыргызстане