Акчабар: «Акчабардын» атынан каржылык жардам көрсөтөбүз деген шылуундарга ишенбегиле!

12.04.2021, 09:28 Акчабар
Акчабар: «Акчабардын» атынан каржылык жардам көрсөтөбүз деген шылуундарга ишенбегиле!

«Бул насыя эмес! Миң сомду 10 миң сомго айландырабыз! Жети миң сомуңузду 950 миң сомго айландырыңыз» — социалдык тармактардагы мына ушундай жалган лозунгдарга айрым кыргызстандыктар ишенип алышкан учурлар болууда. Алар өздөрүн жардам көрсөтүүчү фонд катары атап алышкан. Айрым Instagram социалдык түйүндүн колдонуучулары бренддерди өздөрүнүн аттарынан колдонуп алышкан.

 

Алар «Акчабар» финансы порталынын атын жамынып алышып, колдонуучулардын суроолоруна портал баарына каражат менен жардам берет деп жооп беришкен.

 

Финансы пирамидасын түзүүчүлөр, колдонуучуларга салган акчаны 10 же андан көп эсеге көбөйтүүнү сунушташат. Алар порталдын шилтемелерин активдүү колдонуу менен окурмандарды ишендирип жатышат.


«Силер эч нерсе кылбайсыңар. Болгону паспортуңардын сүрөтүн жөнөтсөңөр силерди кезекке жаздыртабыз. Каражатты биздин кеңсенин телефон номерине саласыздар», — деп жазган алдамчылар өздөрүнүн көрсөтмөлөрүндө.

 

Ал эми колдонуучулар, тагыраагы алдамчыларга ишенип алгандар жарыядагы каталарга керек болсо толук даректердин жазылбаганына маани деле беришкен эмес. Акча кандай жол менен көбөйөрү тууралуу дагы маалымат жок.

 


Редакция жарандарды өздөрүн «Акчабар» финансы порталынын кызматкерлери атап алган алдамчыларга ишенбей сак болууга чакырат. Белгилей кетсек, биздин басылма жаңылыктар порталы болуп эсептелинет жана эч кандай финансы-насыя ишмердүүлүгүн жүргүзбөйт.


Азыркы учурда «Акчабар» бул боюнча өздүк териштирүүлөрдү баштады. Бардык чогулган фактылар жана кайрылуулар тиешелүү органдарга жиберилди. «Акчабар» брендин колдонуп ар түрдүү убадаларды берген алдамчыларга туш болсоңуз биздин на WhatsApp:+996-550-20-14-06 номерибизге билдирип коюңузду өтүнөбүз.


Порталдын расмий баракчалары: Twitter, Facebook, Instagram.

Тэги: Акчабар алдамчылар шылуундар насыя аз пайыздагы насыя жардам

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу