Кыргыз фондулук биржасынын биринчи рыногунда 30-августта “Манас” эл аралык аэропорту ААКнын жөнөкөй акциялары менен бир бүтүм катталды.
Бүтүм 163,8 миң сомду түзүп, аукциондо жалпысынан 200 акция сатылды. Акциялардын ар бир нускасы 819 сомдон.
Белгилеп кетсек, бул ирет акциялардын баалары 16-августтагы соодага караганда 9%га жогорулады. Анда акциялар 751 сомго бааланган.