«Манас» аэропортунун акциялары дээрлик жарым млн сомго сатылды

10.11.2023, 12:10 Акчабар
«Манас» аэропортунун акциялары дээрлик жарым млн сомго сатылды

Бүгүн, 10-ноябрда Кыргыз фондулук биржасында “Манас” эл аралык аэропортунун акциялары боюнча ири бүтүм катталды. 

Акционердик коомдун баалуу кагаздары биржанын экинчи рыногунда сатылган, башкача айтканда, акциялар аэропорттун акционерлеринин бири тарабынан сатылган. Жалпысынан 500 даана жөнөкөй акция бир акцияга 850 сомдон сатылган. Ошентип бүтүмдүн жалпы суммасы 425 миң сомду түздү.

Кошумчалай кетсек, “Манас” аэропортунун акциялары Кыргызстандын фондулук биржасында эң көп котировкаланган акциялардын бири. Бир айдын ичинде эле 6-октябрдан 10-ноябрга чейин биржада "Манастын" акциялары менен жалпы суммасы 1 миллион 338,1 миң сомго жети бүтүм жасалган. Бул соода-сатыктын жыйынтыгында компаниянын 1 миң 595 акциясы сатылды. Баалуу кагаздар 800-850 сом чегинде бааланган.

Тэги: новости Кыргызстана фондовый рынок КФБ аэропорт Манас акции

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу