Бүгүн, 20-декабрда Кыргыз фондулук биржасынын системасында акционердик коомдун он алты баалуу кагазын сатуу боюнча келишим катталды. Бул тууралуу биржанын сайтында жарыяланды.
Сатуу жыйынтыгы боюнча акциялардын баасы 950 сомду түздү - бул баанын жаңы рекорду. Буга чейин баалуу кагаздардын бир акциясы 870 сомдон сатылып келген. Башкача айтканда, акыркы сатуудан берки өсүш 9,2 пайызды түздү.
Белгилей кетсек, сентябрь айынан баштап “Манас” аэропортунун акциялары жума сайын баанын рекорддорун койгон. Муну менен жыл башынан бери аба портунун акцияларынын баасы 192,3%га өстү.