Сентябрь айында рынокто 30,8 миллион сомго 89 бүтүм жасалды. Алардын ичинен стратегиялык компаниялардын акциялары менен болгон бүтүмдөр болгону 910 миң сомго жүргүзүлгөн, деп жазды Кыргыз фондулук биржасы.
Анын ичинде "Кыргызтелеком" ААКсынын акциялары менен 10 миң сомго, "Манас эл аралык аэропорту" ААКсы 800 миң сомго жана "Кыргызстан улуттук электр тармактары" ААКсы менен 100 миң сомго бүтүм болгон.
"Динамиканы сентябрь айында баасы 332-350,1 сомдун чегинде болгон айдын максимуму менен аяктап, августтун баасына 18,6 сомду кошкон "Манас" аэропортунун акциялары көрсөттү. Өсүштү ошондой эле "Кыргызтелекомдун" акциялары 3,3 сомго чейин (+0,15 сом) көрсөттү, "Кыргызстан улуттук электр тармактарынын" баасы мурдагы деңгээлинде - 0,65 сом бойдон калды ", - деп жазды Кыргыз фондулук биржанын аналитиктери.
Кошумчалай кетсек, айдын эң ири бүтүмдөрү "Golden Sun" ААКнын жөнөкөй акциялары менен жүргүзүлгөн, алардын жалпы соода көлөмү 25,3 миллион сомду түзгөн, бүтүмдөр бир акцияга 22 сомго жазылган. Ошондой эле, көлөмү боюнча "Кредиттик союздардын финансылык компаниясы" ААКсынын жөнөкөй акциялары менен болгон операцияны айырмалоого болот, ал 900 миң сом суммасында 0,94 сомго, номиналдан 0,06 сомго төмөн баада жүргүзүлгөн.