«Халык Банк Кыргызстандын» акциялары 3,3 млрд сомго сатылды

18.04.2024, 12:17 Акчабар
«Халык Банк Кыргызстандын» акциялары 3,3 млрд сомго сатылды

Кыргыз фондулук биржасынын экинчилик рыногунда "Халык Банк Кыргызстандын" акцияларын сатуу боюнча 11 бүтүм катталды.

Бүтүмдөрдүн алкагында жалпысынан банктын 2 миллион 400 миң 16 акциясы сатылган. Бардык транзакциялар боюнча акциянын баасы бир нускага 1 миң 387,46 сомду түздү. Соодалардын жыйынтыгында жалпысынан баалуу кагаздар 3 миллиард 329 миллион 926 миң 746 сомго бааланды.

Кошумчалай кетсек, 2023-жылдын ноябрь айында "Казакстан Халык Банкы" ААК Visor International DMCC ("О!") инвестициялык тобуна кирген сатып алуучулар консорциуму менен туунду компанияны сатуу боюнча бүтүм тууралуу макулдашканын жарыялаган.

Регулятордун маалыматы боюнча, сатып алуучу МКК “Акча Булак” болуп саналат жана алардын “Халык Банк Кыргызстан” ААКсынын 100% акциясын сатып алуу боюнча арызы каралууда.

Тэги: Халык Банк акции КФБ фондовый рынок

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу