Кант цемент заводунун акциялары 11% га жогорулады

14.09.2021, 14:08 Акчабар
Кант цемент заводунун акциялары 11% га жогорулады

Кант цемент заводунун акцияларын сатуу менен болгон бүтүмдүн жыйынтыгында акционердик коомдун баалуу кагаздары 11,1%га жогорулады, деп жазылды Кыргыз фондулук биржасынын сайтында.

6-10-сентябрь аралыгында бир акцияга 200 сомдон, жалпы 40 миң сомго 200 акция сатуу боюнча бир бүтүм жасалды. Акциялардын динамикасы бир акцияга +20 сомду түздү.

Эксперттер Кант цемент заводунун баалуу кагаздарынын баасынын өсүшүн 2020-жылдын аягына чейин компания жакшы киреше тапканы менен байланыштырышат. Жалпысынан завод 256 миллион 404 миң сом киреше алып, сумма 2019-жылга салыштырмалуу 3,6 эсеге көбөйдү.

Андан да маанилүүсү, акчанын дээрлик бардыгы - 99,98% акционерлердин чечими боюнча, дивиденддерди төлөөгө жумшалган. Ошентип, акцияга киреше 24,97 сомду түздү.

Тэги: акции фондовый рынок инвестиции КФБ

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу