Бүгүн, 5-декабрда Кыргыз фондулук биржа системасында “Кыргызнефтегаз” ААКнын акциялары менен бүтүм катталды. Соода экинчилик рынокто өттү, бул баалуу кагаздардын пакети акционерлердин бири тарабынан сатылгандыгын көрсөтүп турат.
Аукциондо “Кыргызнефтегаздын” жалпы 2 миң жөнөкөй акциясы сатылды. Бир нускасынын баасы 300 сом болду. Ошентип бүтүмдүн жалпы суммасы 600 миң сомду түздү.
Кошумчалай кетсек, 24-ноябрда “Кыргызстандын фондулук биржасында – БТС” мамлекеттик мунай жана газ өндүрүү компаниясынын акциялары боюнча майда бүтүм болгон. Анда акциялар бир даанасына 333 сомдон сатылган.