Бүгүн Кыргыз фондулук биржа системасында “Кыргызнефтегаз” ААКнын акциялары менен бүтүм катталды.
Соода экинчилик рынокто өтүп, баалуу кагаздарды акционерлердин бири саткан.
Аукциондо жалпысынан “Кыргызнефтегаздын” 6 миң 162 жөнөкөй акциясы сатылды. Бир нускасынын баасы 250 сом. Ошентип, бүтүмдүн жалпы суммасы 1,5 млн сомду түздү.