Бүгүн, 19-декабрда Кыргыз фондулук биржа системасында “Кыргызнефтегаз” ААКнын акциялары менен эки бүтүм катталды. Бул тууралуу Кыргыз фондулук биржасы билдирди.
Соода экинчилик рынокто өтүп, бул баалуу кагаздардын пакети акционерлердин бири тарабынан сатылгандыгын көрсөтүп турат.
Аукциондо “Кыргызнефтегаздын” жалпы 6,6 миң жөнөкөй акциясы сатылды. Бир нускасынын баасы 270 сомду түзөт. Ошентип, бүтүмдүн жалпы суммасы 1,8 млн сомду түздү.