Кыргыз фондулук биржасынын экинчилик рыногунда "Манас" эл аралык аэропорту" ААКнын жөнөкөй акциялары менен бир бүтүм катталды. Муну КФБнын соода статистикасы тастыктайт.
Бүтүм 147,4 миң сомду түзүп, аукциондо бардыгы болуп 180 акция сатылды. Ар бир нускасы 819 сомдон болгон.