18-февралда Кыргыз фондулук биржасынын системасында “Кыргызнефтегаз” ААКнын акцияларын сатуу боюнча ири бүтүм катталды.
Бүтүмдүн жыйынтыгында акционердик коомдун 5 миң баалуу кагазы 380 миң сомго сатылган. Бир акциянын баасы 76 сомду түздү.
Кошумчалай кетсек, өткөн жуманын аягында “Кыргызнефтегаз” ААКнын акциялары сатыкка коюлган эмес.