Бир аптада «Манас» аэропортунун акциялары дээрлик 2 млн сомго сатылды

27.01.2023, 13:41 Акчабар
Бир аптада «Манас» аэропортунун акциялары дээрлик 2 млн сомго сатылды

Өткөн аптада “Манас” эл аралык аэропортунун акционерлери акцияларын 1,8 миллион сомго сатышкан. Бул тууралуу Кыргыз фондулук биржасы билдирди. 

Жалпысынан аэропорттун экинчилик рыноктогу акциялары менен беш келишим түзүлгөн.

Бүтүмдөр боюнча компаниянын акцияларынын баасы 800-850 сомдун чегинде болгон. Жуманын аягында “Манас” аэропортунун бир акциясы 950 сомдун тегерегинде сатылган. 

Белгилей кетсек, аэропорттун акцияларынын наркынын өсүшү Кыргыз фондулук биржасынын индексине жана капиталдаштыруусуна оң таасирин тийгизген. Ошентип, тарыхта биринчи жолу биржаны капиталдаштыруу 1 миллиард доллардан ашты.

 

Тэги: новости Кыргызстана КФБ аэропорт Манас фондовый рынок

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу