Бүгүн "Бишкеккурулуш" ААК акционерлеринин жылдык жалпы чогулушун өткөрөт. Бул тууралуу Кыргыз фондулук биржасы билдирди.
Жыйынга 20-мартка карата коомдун акционерлери катышат.
Жыйындын күн тартибинде жети маселе бар экени такталды. Мындан тышкары, акционерлер 2022-жылга өндүрүштүк-чарбалык ишмердүүлүктүн жыйынтыктары жөнүндө отчетту, көз карандысыз аудитордун жана текшерүү комиссиясынын отчетторун, ААКтын жылдык жыйынтыгын жана кирешени бөлүштүрүүнүн тартибин, 2023-жылга бюджетти бекитүүгө тийиш.
Мындан тышкары, акционерлер 2022-жылдын жыйынтыгы боюнча дивиденддерди төлөөнүн өлчөмүн, мөөнөтүн жана формасын аныктоого, ошондой эле директорлор кеңешинин мүчөлөрүнө сый акы төлөө маселесин чечүүгө тийиш.