"Метарайз Жапан" ачык акционердик коомунун жөнөкөй акциялары листингден өттү. Бул тууралуу Кыргыз фондулук биржасы билдирди.
Мамлекеттик компаниянын жөнөкөй акцияларын листингге киргизүү чечимин биржанын листингдик комитети 5-сентябрда кабыл алган.
"Метарайз Жапандын" баалуу кагаздары "С" категориясында кыргыз фондулук биржасынын листингине киргизилген. Бул баштапкы категория.
"Компаниянын негизги ишмердүүлүгү — баалуу металлдардын дүң соодасы", — деп белгилейт КФБ.