Акциз салыгын санариптик башкаруу боюнча пилоттук долбоорду жүргүзүү жөнүндө чечим кабыл алынды

12.01.2022, 17:20 Акчабар
Акциз салыгын санариптик башкаруу боюнча пилоттук долбоорду жүргүзүү жөнүндө чечим кабыл алынды

Министрлер кабинети тарабынан “Акциз салыгын санариптик башкаруу боюнча пилоттук (эксперименттик) долбоорду жүргүзүү жөнүндө” токтом кабыл алынды.

Аталган документ салык жол-жоболорун фискалдаштыруунун электрондук системасын киргизүүнүн алкагында акциз салыгын башкарууну өркүндөтүү жана жөнөкөйлөштүрүүгө багытталган.

“Акоголдук жана тамеки продукцияларын идентификациялоо каражаттары менен маркалоо аркылуу акциз салыгын санариптик башкаруу механизмдерин киргизүү сунушталууда”,- деп айтылат министрлер кабинетинин маалыматтында.

Пилоттук долбоор ийгиликтүү натыйжага ээ болгон жана кийин акциздик маркаларды колдонуудан баш тартылган учурда, маркаланган акциздик продукцияны өндүрүүчүлөргө жана импорттоочуларга акциздик маркаларды алууга жана колдонууга операциялык жана финансылык чыгымдарды кыскартууга мүмкүндүк берет.

Министрлер Кабинетинин аталган чечими төмөнкүлөргө багытталган:

  • Алкоголдук жана тамеки продукцияларын, же алардын таңгактарын идентификациялоо каражаттары менен маркалоо аркылуу бюджеттин кирешесине акциз салыгын төлөөнү ырастоо механизмдерин апробациялоо;
  • Санариптик акцизди киргизүү үчүн техникалык инфраструктураны даярдоо;
  • Идентификациялоо жолу менен милдеттүү маркировкаланууга тийиш болгон акциздик товарларды өндүрүү жана/же импорттоо боюнча ишкердик субъекттери үчүн жагымдуу шарттарды түзүү.

Тэги: акциз салык пилоттук долбоор

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу