Быйылкы жылдын 1-январынан тарта сыра акциздик марка менен маркировкаланат, ал эми энергетикалык суусундуктарга акциз 2024-жылга чейин көтөрүлбөйт. Тиешелүү документ өкмөттүн сайтына жарыяланды.
Эске салсак, 2023-жылдын башынан тарта алкоголсуз энергетикалык суусундуктардын бир литри үчүн акциздик салыктын ставкасы 2 сомдон 20 сомго чейин көтөрүлүшү керек болчу.
"Ошол эле учурда маркировка киргизилген күндөн тартып алты ай өткөндөн кийин маркаланбаган акциздик товарлардын калдыктарын жүгүртүүгө тыюу салынат", — деп айтылат документте.