АКШ Көлбаев тууралуу маалымат бергендерге 1 млн $ сый акы убадалаган

22.10.2020, 15:00 Акчабар
АКШ Көлбаев тууралуу маалымат бергендерге 1 млн $ сый акы убадалаган

АКШнын Мамлекеттик департаменти, уюшкан кылмыштуу топтун өкүлү Камчыбек Көлбаевдин каржылык механизмдердин талкаланышына алып келген кылмыштуу тармагы тууралуу маалымат үчүн 1 миллион долларга чейин сый акы убадалаган. Бул тууралуу АКШнын Кыргызстандагы элчилиги билдирди. 

Америка  Кыргызстандын мамлекеттик бийлик органдарынын уюшкан кылмыштуу топтун өкүлү Камчыбек Көлбаевди кармоо боюнча иш-аракеттерин кубаттайт. 
 

«Көлбаевдин кылмыштуу тармагы Борбор Азиядагы баңги заттарын сатуу, курал-жарак сатуу, адам сатуу, опузалоо жана башка кылмыш иш-аракеттери менен алектенет», - деп белгилеген АКШ тарап. 

 

 

Андан сырткары, АКШ Көлбаевди америкалык дагы бир кылмыштуу топ менен байланышы бар деп айыптап чыккан. 



«2012-жылдын февраль айында АКШнын Финансы министрлигинин (OFAC) 13581 Аткаруу буйругунун негизинде Чет элдик активдерди контролдоо башкармалыгы Көлбаевди уюшкан кылмыштуу топ «Brothers’ Circle» (Братва),  кызыкчылыгы үчүн же анын атынан иштейт деп жарыялаган», - деп айтылат АКШ элчилигинин билдирүүсүндө.

Тэги: Көлбаев доллар сый акы АКШ

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу