АКШ кыргызстандыктарга туристтик жана ишкерлик визаны 10 жылга узартты

04.03.2024, 10:07 Акчабар
АКШ кыргызстандыктарга туристтик жана ишкерлик визаны 10 жылга узартты

АКШ 4-марттан тарта Кыргызстандын жарандарына берилүүчү туристтик жана ишкерлик визанын мөөнөтүн 5 жылдан 10 жылга узартты. Бул тууралуу Американын Кыргызстандагы элчилиги билдирди.

Жаңы өзгөртүүлөр (10 жылдык жарактуу мөөнөтү) 2024-жылдын 4-мартынан баштап берилген B1, B2 жана B1/B2 визаларына гана тиешелүү. Ал эми мурда берилген визаларга тиешеси жок. Ушул жайда консулдук кызматтын дагы жакшырышы күтүлүүдө.

АКШнын Кыргызстандагы элчиси Лесли Вигеринин айтымында, бул өзгөрүүлөр кыргыз элине кызмат көрсөтүүнү жакшыртууга, өлкөлөр аралык саякатты жөнөкөйлөтүүгө жана биздин байланышыбызды бекемдөөгө багытталган.

Ошондой эле, Кыргызстандын паспортун алып жүргөн жарандан визанын B1, B2 и B1/B2 түрү үчүн алынуучу 20 долларлык төлөм алынбай турган болду.

“Бул өзгөрүүлөр Кыргызстандык миңдеген саякатчыларга пайдалуу, АКШ эки өлкө элинин карым-катышын тереңдетүүгө жеңилдик бергенин даңазалайт", - деп айтылат маалыматта. 

 

Тэги: АКШ виза туристтик виза ишкерлик виза

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу