Аксыда 23 млн сомдук базар мамлекетке кайтарылды

23.04.2024, 12:24 Акчабар
Аксыда 23 млн сомдук базар мамлекетке кайтарылды

Аксы районунун Кербен шаарындагы 23 млн сомдук борбордук базар мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Атайын кызмат тарабынан мурда Кербен шаарынын мэриясынын карамагында болгон Кербен шаарынын борбордук базары Б.М. аттуу жаран тарабынан мыйзамсыз пайдаланылгандыгы аныкталды.

Тактап айтканда, 2012-жылы ижара келишиминин негизинде аталган базар Б.М.га 5 жылдык мөөнөткө убактылуу пайдаланууга берилген. Бирок келишимдин мөөнөтү бүткөндөн кийин Б.М., базардын коммуналдык кооператив менен болжолдонгон сатып алуу-сатуу келишимине таянып, Кербен шаарынын мэриясына ижара акысын төлөөнү токтотуп, ал үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен жасалма түрдө соттошуп баштаган. 

"Текшерүүнүн жүрүшүндө жалпы аянты 1,79 га болгон Кербен шаарынын борбордук базары, мал базар, дан базары, жайма базар жана унаа базары 2003-жылдан бери Кербен шаарынын мэриясынын балансында тургандыгы аныкталды", - деп айтылат маалыматта. 

Мындан улам, тергөөгө чейинки текшерүүнүн жыйынтыгында аталган базар Б.М. аттуу жаран тарабынан Кербен шаарынын муниципалитетине ыктыярдуу түрдө кайтарылып берилди.

Аталган объекттин базар наркы болжол менен 23 млн сомго бааланууда.

Тэги: УКМК базар Аксы району

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу