“Кыргызэнергостройдо” активдердин наркы 10%дан ашып, тагыраагы 17,11%га жогорулаган учур белгиленди. Бул тууралуу Кыргыз фондулук биржасы билдирди.
Бул 25-августта мүлкү менен жер тилкесинин сатылышына байланыштуу.
Активди сатууга чейин анын наркы 115,5 млн болсо, бүтүмдөн кийин алар 19,7 млнго көбөйүп, 135 млн 217,78 миңди түзгөн.
Белгилеп кетсек, компания курулуш иштери менен алектенет.