«АБН» микрокаржылык компаниясынын активдери 50%дан ашык өстү

14.11.2022, 12:25 Акчабар
«АБН» микрокаржылык компаниясынын активдери 50%дан ашык өстү

“АБН” микрокаржылык компаниясынын активдеринин наркы бир жолку 50,62%га өстү. Бул тууралуу Кыргыз фондулук биржасынын сайтына жарыяланды.  

Маалыматка ылайык, үчүнчү кварталдын жыйынтыгы боюнча ишкананын жалпы активдери 442 миллион 493 миң сомду түздү. Ал эми өсүш 223 млн 985,3 миң сомду түзөт.

Активдердин көлөмү микрокаржылык компаниянын жөнөкөй акцияларын жайгаштыруунун эсебинен көбөйүшү мүмкүн.

Мындан тышкары, компания облигациялар боюнча киреше төлөп жатканын жарыялады. Ал эми чегерилген кирешенин суммасы 1 миллион 200 миң сом, ал эми киреше алууга укуктуу облигация ээлеринин саны 58 адам. 

Белгилеп кетсек, 42 миң 720 сом инвестор тарабынан талап кылынбай калган. 

 

Тэги: экономика Микрофинансовая компания «АБН» новости Кыргызстана биржа КФБ

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу