Үстүбүздөгү жылдын март айынын аягында Улуттук банктын алтындагы активдери 52 млрд 795 млн 774 миң сомго бааланган. Мындай маалыматтар борбордук банктын 2022-жылдын 31-мартына карата финансылык абалы жөнүндө отчетунда чагылдырылган.
Ошол эле учурда 2021-жылдын ушул эле айында Улуттук банктын алтын түрүндөгү активдери 76 млрд 986 млн 823 миң сомду түзгөн. Муну менен банктын алтын түрүндөгү активдери жыл ичинде 24 млрд 191 млн сомго же 31,42%га азайган деген тыянакты чыгарууга болот.
Кошумчалай кетсек, Улуттук банктын отчетунда монетардык эмес алтын категориясындагы активдер жана алтындын запастары да көрсөтүлгөн, алар марттын аягында 53 миллиард 615 миллион сомго бааланган. Өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу алар тескерисинче 19,6 млрд сомдон 2,73 эсеге өскөн.