Жогорку Кеңеште Кыргызстандын акыйкатчысынын орун басарлары болуп Шухрат Айтиев менен Айчүрөк Назаралиева шайланды. Бул тууралуу парламенттик басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, акыйкатчынын орун басарлыгына Шухрат Айтиев менен Айчүрөк Назаралиеванын талапкерлиги көрсөтүлгөн.
Белгилеп кетсек, добуш берүү электрондук түрдө жашыруун өттү. Жогорку Кеңеш 17-майда Жамиля Жаманбаеваны акыйкатчы кылып шайлаган.