Акылбек Жапаров Алматыга жумушчу сапар менен барат

01.02.2024, 11:20 Акчабар
Акылбек Жапаров Алматыга жумушчу сапар менен барат

1-2-февралда Министрлер кабинетинин төрагасы Казакстандын Алматы шаарына жумушчу сапар менен барат. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди. 

Сапардын алкагында Министрлер Кабинетинин башчысы Евразиялык өкмөттөр аралык кеңештин жыйынына жана “Digital Almaty 2024: Industry X” эл аралык санарип форумуна катышат. 

ЕӨАКтин жыйынынын жүрүшүндө ЕАЭБге катышуучу тараптардын өкмөт башчылары соода-экономикалык кызматташуунун, ошондой эле техникалык жөнгө салуу, Биримдиктин интеграцияланган маалымат тутуму жана башка актуалдуу маселелер каралат. 

Мындан тышкары, өкмөт башчы Акылбек Жапаров ЕАЭБ өлкөлөрүнүн өкмөт башчылары менен бирге жыл сайын өтүүчү “Digital Almaty” санарип форумунун пленардык жыйынына катышат. 

 

 

 

Тэги: Алматы Акылбек Жапаров санарип

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу